Blog Image

Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын окутуучулары жумуш берүүчү тараптар менен жолугушту

И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы Назгүл Ажимамбетова  “Филология” багыты боюнча  билим берүү программасын жумуш берүүчү тараптар менен талкуулап, магистранттардын теориялык алган билимин практика жүзүндө ишке ашыруудагы маселелер боюнча ой-пикирлерди ортого салган жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы № 82 мектептин директору Алмагүл Исраилова, Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айнура Бейшебаева, педагог-психолог Гүлзат Таабалдиева, № 64 мектептин Окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Жылдыз Бейшенкулова жана Чыгыш таануу эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы, окутуучулары катышты.