Blog Image

Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин окутуучулары үчүн “Долбоордук окутуунун (PBL) методдорун окутуу практикасында эффективдүү ишке ашыруу” тренинги аяктады

И. Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 20 окутуучусуна 5 кундук “Effective implementation Project-Based Learning (PBL) methods in the teaching practices” (“Долбоордук окутуунун (PBL) методдорун окутуу практикасында эффективдүү ишке ашыруу”) аталышында методиканы өнүктүрүү боюнча тренинг аяктады. Аталган иш-чара АКШ элчилигинин жана “Лингва” инновациялык билим берүү фондунун колдоосу менен EPIC долбоорунун алкагында ишке ашты. Тренингдин кийинки этабында тренерлер тарабынан менторинг сессиялар уюштурулат. Ошондой эле, менторингди ийгиликтуу аяктаган окутуучуларга сертификат тапшырылат.