Blog Image

Шандор Петефи жана Алыкул Осмоновдун поэзия кечеси

2022-12-20

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогинин, Алыкул Осмоновдун үй-музейинин директору Памирбек Казыбаевдин,  И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары – проф. Р.Т. Айтматова, Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун директору, п.и.д., проф. Н.К.Сартбекова, «Маданияттар аралык байланыш жана тилдин теориясы жана практикасы» кафедрасынын окутуучулары А.М. Манапбаева жана К.С. Ибраимовалардын катышуусунда улуу венгр акыны Шандор Петефинин 200 жылдыгына арналган поэзия кечеси өттү.

Поэзия кечесинде мекенчил акындар Шандор Петефи жана Алыкул Осмоновдун ырлары жаңырды. Бул эки акындын тагдыры таң калыштуу окшош. Куман-кыпчак талаасынын уулу Шандор Петефи менен улуу тоонун уулу Алыкул Осмонов экөө тең өмүрүндө да, поэзиясында да мекенге болгон жалындуу сүйүүсүн арнап, ырларында сүйүү менен эркиндикти ырдашкан. Петефи – венгр патриоту, Ата Мекендин эркиндиги учун элдешпес күрөшүүчү, анын «Элдик ыр» чыгармасы 1848-жылдагы Венгриянын революциясынын символу болуп калган.

Шандор Петефинин өмүрү өтө эрте аяктаганына карабастан, ал артына бай мурас калтырып, элдин эсинде сүйүктүү акын, революционер жана улуттук тилдеги поэзиянын негиздөөчүсү катары түбөлүккө сакталып калган.

Поэзия кечеси И.Арабаев атындагы КМУнун Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун студенттери Айзирек Алтынбекова - "Алыстан", Тариэл Бектурганов -  "Махабат", Сезим Жаныш кызы - "Менин экономикалык көз карашым", Сезим Кубатбек кызы - "Сууда", Кристина Даниленко - "Биринчи роль" эки акындын тандалма чыгармалары менен коштолду. Ошондой эле МУК, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ студенттери жана борбордогу №69 мектептин окуучулары тарабынан ырлар окулду.