Blog Image

Стамбул Айдын университетинде КМУнун окутуучусу Назгүл Рысмендеева конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Назгүл Рысмендеева профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерге «Чүкө оюндары түрк элдеринин маданий карым-катышынын символу катары» аталышында конок-лекция өттү. Ошондой эле,  «Чүко жана ордо оюндары» монографиясын презентация жасады. Иш-чара Стамбул Айдын университетинде уюштурулган. Конок-лекциянын жүрүшүндө катышуучулар кызыктуу маалыматтарга ээ болушту.  

Стамбул Айдын университетинин китепканаларына барып, китеп жарманкесине катышты.