Blog Image

«Start UP-конструктор»

2023-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борбору тарабынан «Start UP-конструктор» тренинги уюштурулуп, «Радуга West»  борборунда өттү.

Тренингдин жүрүшүндө сертификатталган тренер Чынара Ашимова бизнес-идеяларды кантип генерациялоону, гипотезаларды текшерүүнү көрсөтүп, катышуучуларга долбоорду андан ары өнүктүрүү үчүн мотивация алууга жардам берди. Көптөгөн катышуучулар өз идеясын сынап көрүшүп, даяр жеке долбоорлорду тренер менен талкуулап, аларды ишке ашыруу боюнча эксперттик баа алышты.

Тренинг интерактивдүү өттү – теорияны практикалык жактан текшерүү, топтук иш жана топтук талкуу, ошондой эле катышуучулардын идеялары кейс катары пайдаланылды.

Стартап борбору - стартап долбоорлор индустриясы. Эгерде сизде жакшы бизнес идея  болсо, аны биз менен ишке ашырсаңыз болот. Бул жерде сизге ар дайым жардам берүүгө кубанычтабыз.