Blog Image

Стартап борбору менен Борбордук Азиядагы Дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясы ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

И. Арабаев атындагы КМУнун Стартап борбору менен Борбордук Азиядагы Дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясы ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземине КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева, Борбордук Азия Коопсуздук кеңешинин аткаруучу директору Айзат Русланова жана Борбордук Азия калктарынын долбоордук координатору Камила Усманова катышты. Эки тараптуу кызматташуунун максаты сапаттуу билим берүүнү илгерилетүү жана социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу. Ошондой эле, тренингдерди, форумдарды, дискуссиялык аянтчаларды уюштурууну колго алып, билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө. Андан сырткары окутуунун инновациялык усулдары жаатында тажрыйба алмашуу болуп саналат.

КМУнун Стартап борбору өз ишмердүүлүгүн 2022-жылдын май айынан тартып жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө студенттердин арасында ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана стартап идеяларды ишке ашыруу багытында активдүү иш алып барууда. Стартап борбордун ишмердүүлүгү креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкердүүлүктү колдоого жана студенттер арасында стартап идеяларды ишке ашырууга багытталган. Стартап борбор өз ишмердүүлүгүнүн алкагында "Борбордук Азиядагы дебаттардын эл аралык билим берүү Ассоциациясы" Коомдук Фонду менен активдүү кызматташып, алдыга койгон максаттарын ишке ашырууну пландаштырууда.

Борбордук Азиядагы Дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясы11 жылдан бери жаштар саясаты жаатында иштеп, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды камтыган долбоорлорду ишке ашырып, миңдеген жаштардын жашоосуна оң таасирин тийгизип келет.