Blog Image

Стартап борборунда кезектеги жыйын болуп өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Стартап борборунда окуу жайдын Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаеванын катышуусунда кезектеги жыйын болуп өттү.

Жолугушууда алдыда боло турган “Стартап марафон” сынагынын кызыктуу жерлери талкууланып, сынакка ар бир түзүмдүн катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Эрежелер, баалоо критерийлери жана стартаптар баалана турган категориялар такталды. Чыгармачылыкка, инновацияга жана өнүгүү потенциалына басым жасалды.