Blog Image

Стартап борборунун активдүү катышуучулары бир нече долбоорго катышууга чакыруу кагазын алышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борборунун активдүү катышуучулары бир нече долбоорго катышууга чакыруу кагазын алышты. 

Университеттин “Энактас” командасынын капитаны, Гуманитардык билимдер факультетинин студенти Марлис Жибек “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикме уюштуруп жаткан “Кышкы лагерь – 2023” иш-чарасына катышууга жолдомо алды. Иш-чара Ысык-Көл областында  жайгашкан  “Жетиген” балдар эс алуу борборунда 2023–жылдын 17-февралынан 20-февралга чейин өтүлөт. 

Ошондой эле, университеттин “Өнөр юнион” долбоорунун координатору, Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун  студенти Уланбек кызы Азизага Аскар Салымбековдун фондуна караштуу “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебине жолдомо ыйгарылды. Коомдук мектеп татыктуу, билимдүү жаштардын муунун тарбиялоого жана өстүрүүгө багытталып, окуу программасы боюнча ар бир лидердин өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, кошумча билим алууга шарт түзүп, профессионалдуулук жана жеке өзүнүн өсүүсүн арттырат.

 Стартап борбору активдүү катышуучуларын кызыктуу иш-чараларга жолдомо алгандары менен куттуктап, ийгиликтерди каалап кетет! Стартап борбору жигердүү изденүү менен аракеттенген студенттерди ар-дайым колдоп келүүгө даяр!