Стартап борборунун активдүү студенттери “Экология 3.0” долбоорунун алкагында экотонго катышып келишти
И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борборунун активдүү студенттери “Экология 3.0” долбоорунун алкагында экотонго катышты. Иш-чарада экология илимдеринин жана IT секторунун студенттери Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу үчүн туруктуу туризмди өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө боюнча санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жолдору талкууланды. Экотонго Чүй, Ош жана Нарын облустарынан жалпы 50гө жакын адам катышты. Анда катышуучулар төрт күн бою чакан жана орто бизнестин экопринциптерге өтүүсүн стимулдаштыруу үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгышты. Окуу жайдын студенттери үчүн бул иш-чара эң сонун платформа болуп, башка университеттердин студенттери менен бирге экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн санариптик тиркемени иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.