Blog Image

Стартап борборунун катышуучусу Мунара Алымкулова "Ecology workshop" аталышындагы иш-чарага катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Стартап борборунун катышуучусу Мунара Алымкулова Борбордук Азиядагы Америка университетинин волонтёрлор клубу тарабынан уюштурулган "Ecology workshop" аталышындагы иш-чарага катышты. Иш-чарага катышуу үчүн жалпы 300 студент сунуш билдирген. Алардын ичинен КМУнун Стартап борборунун "Enactus KSU" командасынын аткаруучу кеңешинин мүчөсү Мунара Алымкулова тандалып алынган. Иш-чаранын алкагында эң мыкты эксперттер эко-активдүүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча семинар өттү.