Blog Image

“Стартап марафон” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Стартап борбору уюштурган “Стартап марафон” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Биринчи орунга Япон таану институту “Minna no Nihongo  初級1-2” аттуу долбоору менен жеңишке жетти. Экинчи орунду Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институту “Үмүт” долбоору менен алган. Үчүнчү орунду Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институту “Аталар изи” аттуу долбоору менен ээледи. Бул сынакка университеттин түзүмдөрүнөн жалпы 14 долбоор түшкөн. Сынактын экинчи баскычында долбоор боюнча презентациялар даярдалып, катышуучулар жактап чыгышкан. Ар бир катышуучу  “Стартап марафон” сынагынын Жобосунда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча бааланышты. “Стартап марафон” сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча экперттик комиссиянын тобуна сыртан эксперттер чакырылган. Иш-чара жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-техникалык, инновациялык ишмердүүлүктөрүн активдештирүү максатында уюштурулган.