Blog Image

"STEM: сабактарда жана практикада колдонуу” деген темада семинар-тренинг өткөрүлдү

География, экология жана туризм факультетинин октуучулары үчүн Экология жана туризм кафедрасында доц.м.а., б.и.к. Г.С. Садыкованын демилгеси менен “STEM-Science, Technology, Engineering and Mathematics: сабактарда жана практикада колдонуу” деген темада семинар-тренинг өткөрүлдү. 

Семинарга 24 окутуучу катышты. Тренингдин башкы максаты ЖОЖдо билим берүү процессине STEM-технологияларын ийгиликтүү айкалыштыруу жана ишке ашыруу үчүн адистик компетенцияларды калыптандыруу болуп саналат. Семинар-тренинг учурунда катышуучулар тарабынан STEM октууунун түрлөрү жана аларды практикада колдонуу, STEM окутуу боюнча калыптанган стереотиптер, келечектеги адисти даярдоодо зарыл жөндөмдөрдү калыптандыруу маселелерин талкуулашты. О.э. тренер тарабынан иштелип чыккан проблемага негизделген жана проектке негизделген дем-осабактар өткөрүлдү. Бул демосабактар окутуучулар кантип студенттерде бири-бири менен пикир алышуу, сынчыл көз караш, чыгармачылык мамиле, өз ара кызматташуу ж.б. STEM жөндөмдөрүн калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө болот деген суроого жооп алышты. О.э. катышуучулар тарабынан өзүн-өзү анализдөө, башка топторду анализдөө жүргүзүү менен STEM-технологияларынын окутуунун сапатын жакшыртуудагы натыйжасы жана мааниси аныкталды, STEM-окутуу боюнча иштелип чыккан усулдук көрсөтмө электрондук түрдө таратылды.