Студенттер арасында "Кыз-жигит Сармерден" оюну болду
23-мартта университеттин Ч. Айтматов атындагы Чоң жыйындар залында студенттер арасында Биология жана химия факультетинин кыздары жана География, экология жана туризм факультетинин жигиттери ортосунда «Сармерден» оюну өткөрүлдү. Кыргыздын салт-санаасын, ата-бабадан келе жаткан мурасын, элин, жерин, тилин сүйүүгө үйрөткөн Сармерден” таймашы курамдар арасындагы достукту күчөтүү максатында болду. Анда кыз-жигиттер арасында макал-лакап, жаңылмач, табышмак акыя айтышуу менен кол өнөрчүлүк көрсөтүлдү. Жыйынтыгында Биология жана химия факультетинин кыздар тобу 92 упай менен жеңишке жетишти.