Blog Image

Студенттер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барды 

26-апрелде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты. Иш-чара институттун директорунун орун басары Айнура Каныбекованын жетекчилиги алдында уюштурулган. Анда болочок жаш адистер КРнын Жогорку Кеңешинде жыйындардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү, мыйзам долбоорлорунун мамлекеттик тилде талкууланып, кабыл алынуу жараяны менен жакындан таанышып, практика жүзүндө көрүп келишти.