Blog Image

Студенттер Т.Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейинде экскурсияда

Эл аралык эне тил күнүнө карата И. Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин 1-курсунун студенттерине Т.Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейине экскурсия уюштурулду.

Экскурсиянын жүрүшүндө музейдин кызматкери Темирлан кызыктуу баян куруп берди. Студенттер Т. Сатылганов, Б.Алыкулов, Атай, манасчылар Сагымбай, Саякбай, Жүсүп Мамай, СССР эл артисти С. Кийизбаева, агартуучулар Т. Саманчин, З. Бектенов, жана башка көптөгөн кыргыз элинин маданият жана искусство жаатындагы эмгек сиӊирген инсандары тууралуу кызыктуу маалымат менен таанышып, фото жана башка экспонат-материалдарды көрүп, тарыхты барактап өтүштү. Студенттер экскурсиядан алган таасирлерин эми дил баян жазуу, баяндама жасоо аркылуу бөлүшмөкчү.