Blog Image

Студенттер арасында “Улут тили - улуу тил” аталышында конкурс өткөрүлдү

Гуманитардык билимдер факультетинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу, тарбия иштери боюнча жооптуу Н.С.Жумадилова тарабынан 2-курстун студенттери арасында “Улут тили - улуу тил” аталышында конкурс өткөрүлдү.

Студенттер кыргыз, орус, араб, испан, армян тилдеринде саламдашуу, ыр, бий жана улуттун каада-салттар боюнча программа тартуулашты.

Аталган иш-чара максаты келечек муунду эне тилин сактоо жана дүйнөлүк тилдердин катарында өнүктүрүүгө үндөө, патриоттук сезим менен эне тилге аяр мамиле кылып, эне тил улуттун эртеңки келечеги экендигин таанытуу болуп саналат.

Конкурстун соңунда калыстар тарабынан мыкты аткаруучулар, жеңүүчүлөр аныкталып, диплом, грамоталар менен сыйланышты. Ал эми, активдүү катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле 1-курстун тематикалуу дубал газеталарды даярдаган студенттер диплом, мыкты эссе, дилбаян жазган студенттер грамота менен сыйланышты.