Сыртбай Мусаев КМУнун башкы корпусунун алдына өзүнүн атынан балаты отургузду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, “Манас” орденинин ээси, профессор Сыртбай Мусаев университеттин башкы корпусунун алдына өзүнүн атынан балаты отургузду.
Иш-чарага Сыртбай Мусаевдин замандаштары, И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Сыртбай Мусаев-тилчи, филология илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, “Манас” орденинин ээси, КР УИАнын корр. мүчөсү, академик. Өзүнүн 50 жылдык илимий ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 600гө жакын илимий-методикалык, публицистикалык эмгектердин автору болуп, анын ичинен 25 илимий монографияны, мектептер үчүн 3 окуу китебин, ЖОЖдор үчүн 10 окуу-методикалык эмгегин жазган. Илимдин 8 докторун, 32 кандидатын даярдап чыгарды.