Blog Image

  Түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форуму башталды

Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форуму башталды. Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган бул иш-чарага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева менен Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы чакырылган. Форумга Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Венгрия, Германия, Россия, Алтай аймактарынан 80ге жакын өкүл келген. Жалпысынан 300дөн ашуун адам катышууда.