Blog Image

Түркияда Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү

Түркиянын Стамбул Айдын университетинде Эл аралык кызматташтык келишиминин жыйыны өткөрүлдү. Аталган иш чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Манас таануу кафедрасынын башчысы Талант Рысбаев, окутуучулар Гүлзада Абдалиева, Венера Жумалиева жана Адис Самыйкановдор катышышты.

Жыйынды утурлай “Түрк дүйнөсүндөгү алфавит изилдөөлөрү: Ишеналы Арабаев” аттуу программа орун алып, анда агартуучуга арналган баяндамалар жасалды. Ошондой эле, университетибиздин тарых факультетинин окутуучулары тарабынан даярдалган «Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы» аттуу көргөзмө тартууланды.