Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилигинин атташеси КМУнун студенттерине жана окутуучуларына маданий программа тууралуу айтып берди
Бүгүн, 25-апрель күнү, И.Арабаев атындагы КМУда Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилигинин атташеси Бахар Бердыева университетибиздин окутуучуларына жана студенттерине Түркмөнстандын быйылкы жылдагы маданий программасы тууралуу айтып берди.
Анда, Махтумкули Фрагинин кол жазмаларынын коллекциясы ЮНЕСКОнун Эл аралык эстутумунун дүйнөлүк реестрине киргизилгени жана анын туулган күнүнүн 300 жылдыгын майрамдоого байланыштуу 2024-2025-жылдары ЮНЕСКОнун маанилүү даталарынын тизмесине киргизилгени жөнүндө айтылды.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан 2024-жылды «Түрк дүйнөсүнүн улуу акыны жана ойчул Махтумкули Фрагинин жылы» деп жарыялоосу улуу түркмөн акынынын чыгармачылыгынын кеңири жана эл аралык деңгээлде таанылганынын айкын далили болуп саналат.
Ошондой эле Түркмөнстандын байыркы Анау шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланган.
Дипломат өз сөзүндө Түркмөнстандын президентинин китептерин тартуулап, көрүүчүлөргө түркмөн документалисттери тарабынан Кыргызстан тууралуу тартылган тасма тартуулады.