Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунда кесиптик-базалык практикалар ɵтʏп жатат

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун «Табигый илимий билим берʏʏ багытынын» биология, химия жана география профилинин 3-курстарынын студенттери кесиптик - базалык практикаларын өтөшүүдө.  Практиканын негизги максаты-психологиялык-педагогикалык жана табигый илимдер боюнча алган теориялык билимдерин системалаштыруу. Студенттер билим берʏʏ мекемелеринде окуу жана тарбия иштерин алып баруу менен кесиптик билимдерин калыптандырууда.