Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунда кесиптик практика боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү

12-декабрда  И. Арабаев атындагы КМУнун  Табигый илимдер жана туризм институтунун Табигый илимий билим берʏʏ жана Биология  багытынын 4-курстарынын кесиптик-профилдик жана педагогикалык практикаларынын «Жаркын келечекке карай кадам» аттуу жыйынтыктоочу конференциясы ɵттʏ. Конференцияга  КМУнин Практикалар боюнча жетекчиси Нурпаис Баястанов, институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Конференцияда студенттер кесиптик-профилдик практика боюнча отчеттук презентацияларды жана предметтер боюнча ɵздɵрʏ сабакта колдонушкан заманбап технологиялар жана тиркемелерди пайдалануу менен сабактын фрагменттерин кɵрсɵтʏштʏ. 
Жыйындын соңунда кесиптик-профилдик практиканы ийгиликтʏʏ аяктап келген студенттерге ыраазычылык каттар тапшырылды.