Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунда “Тренерлер үчүн тренинг” өттү

1-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда профессордук-окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатуу боюнча “Тренерлер үчүн тренинг” өттү. Андрагогика боюнча кайтарым байланыш сабактарын № 98 Орто жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери Ноорузгүл Асаналиева, Назгүл Садабаева, Айпери Ынтымакова жана Нагима Мелисбекова заманбап технологияны колдонуу менен креативдүү, өзгөчө методиканы колдонуп жогорку дээңгелде сабак өттү. Тренингге КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.