Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунда жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 9-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, профессор М.М. Дылдаевдин жетекчилиги алдында жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү. Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу университет үчүн абдан актуалдуу маселелердин бири. Ошондуктан бул маселени ишке ашырууда потенциалдуу жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу абдан маанилүү. 
Жолугушууга келечекте институттун бүтүрүүчүлөрү жумушка орношо ала турган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин директорлору, орун басарлары жана өндүрүштүк мекемелердин жетекчилери келди. Келген коноктор өздөрүнүн мекемелериндеги жумуш эрежелери, эмгек маянасы жана андан ары кесипкөйлүктү жогорулатуунун шарттары жөнүндө толук кандуу айтып беришти. Азыркы мезгилдеги STEAM мамилени жайылтуу маселелерине кеңири токтолушту.