Табигый илимдер жана туризм институтунун 3-курсунун студенти Г.Жуманова “Түрк элдеринин мыкты студенти” эл аралык конкурсунда II даражадагы диплом менен сыйланды
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Химия адистигинин 3-курсунун студенти Гулмай Жуманова 23-октябрда Казак Республикасынын Астана шаарында өткөн “Түрк элдеринин мыкты студенти” эл аралык конкурсунда II даражадагы диплом, төш белги жана күбөлүк менен сыйланды.
Форум Казак Республикасынын “Жаңа Казакстан” жана «Bilim-Orkenieti» Улуттук инновациялык илимий-изилдөө борборлорунун колдоосу менен өттү. Иш-чарага түрк тилдүү мамлекеттердин студенттери катышты.