Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Г. Жалилова АКШнын “Snow Leopard Trust” уюмунун илим жана коргоо боюнча директору менен жолугушту
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүлназ Жалилова АКШнын “Snow Leopard Trust” уюмунун илим жана коргоо боюнча директору Костуб Шарма жана “Snow Leopard Foundation in the Kyrgyz Republic” коомдук фондунун жетекчиси Кубанычбек Жумабай уулу менен жолугушту.
Жолугушууга Биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Майрамкүл Кырбашова, М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын башчысы Салтанат Кендирбаева катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерди ар кандай маанилүү иш-чараларга тартуу аркылуу алардын табиятка болгон кызыгуусун күчөтүү, тренингдерди жана конок-лекцияларын уюштуруу, геоинформатика жана жаңы санариптик технологияларды колдонууга багытталган окутууларды өткөрүү, ошондой эле, эл аралык конференцияларды биргеликте уюштуруу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун максаты: биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу, окуу процессинде бул тармакка тиешелүү прикладдык мааниси бар модулдарды колдонуу, институттун окутуучулар курамы менен биргеликте жаңы багыттагы окуу куралдарын иштеп чыгуу, регионалдык өнөктөш окуу жайлары менен тыгыз байланыш түзүү, маалымат бөлүшүү жана илимий изилдөөлөрдү студенттер, магистранттар, докторанттар менен чогуу жүргүзүү.