Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун директору М.Дылдаев “Арктика: актуалдуу көйгөйлөр жана чакырыктар” аталышындагы конференцияга катышты (Архангельск, Россия)

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Мирлан Муктарович Дылдаев у.ж. 13-17-ноябрь күндөрү Ломоносов окууларына арналган эл аралык конференцияга, ошондой эле Архангельск шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Түндүк Арктика федералдык университетинде (ТАФУ) өткөн академик Н.П. Лавёровдун элесине арналган конференцияга катышты.
Россия Илимдер академиясынын Урал бөлүмүнүн академик Н.П. Лаверов атындагы Арктиканы комплекстүү изилдөө боюнча федералдык изилдөө борбору демилгелеген жана өткөргөн «Арктика: актуалдуу көйгөйлөр жана чакырыктар» аталышындагы конференцияда окумуштуулар Арктика зонасында климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрүн, ошондой эле келип чыккан тобокелдиктерди, экологиялык проблемаларды жана жашоонун коопсуздугун талкуулашты.
Конференциянын алкагында И.Арабаев атындагы КМУ менен Арктиканы комплекстүү изилдөө боюнча федералдык изилдөө борборунун (АКИФИБ) кызматташуусу жана тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү. Профессор М.Дылдаев АКИФИБдин директору, РИА корреспондент-мүчөсү, биология илимдеринин доктору Иван Николаевич Болотов, РИА Урал бөлүмүнүн тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ольга Владимировна Рудая жана А.Н. Северцов атындагы Экология жана эволюция проблемалары институтунун директору, РИА академиги, биология илимдеринин доктору Вячеслав Владимирович Рожновдор менен жолугушту.

Ошондой эле, профессор М.Дылдаев быйыл Россия Илимдер академиясынын 300 жылдыгына арналган LII Ломоносов окууларына катышты. Эл аралык Ломоносов атындагы фондун РИА мүчө-корреспонденти, геология-минералогия илимдеринин доктору Константин Валентинович Лобанов жетектейт. Ломоносов окууларынын алкагында М.В.Ломоносов атындагы сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу болду.
Профессор М.Дылдаев М.В.Ломоносовдун мекени Холмогоры шаарында өткөн иш-чарага катышты.