Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев Erasmus+ долбоорунун алкагында  “GreenKG” долбоорунун консорциумунун мүчөлөрү менен биргеликте Вильнюс университетинин канцлери менен жолугушту

2-июнь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев жана Кыргызстандан барган делегация Erasmus+ долбоорунун алкагында  “GreenKG” долбоорунун консорциумунун мүчөлөрү менен биргеликте Вильнюс университетинин канцлери Раймундас Балчунайтис менен жолугушту. Жолугушууда академиялык мобилдүүлүк жана эки тараптуу кызматташуу боюнча сөз болду. Ошондой эле, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев Вильнюс университетинин канцлери Раймундас Балчунайтис мырзага Кыргызстан тууралуу китепти белекке берди.