Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары англис тилин үйрөнүп баштады 

Бүгүн, 30-январда, И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучуларына СТЕМ долбоору аркылуу тренер Асель Мукарапова англис тили сабагын өтүп баштады. Окутуучулар долбоордун алкагында англис тилин жана методиканы үйрөнүшөт. Бул аракет Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен АКШ элчилигинин колдоосу аркылуу “Лингва” инновациялык билим берүү фонду тарабынан ишке ашырылып жатат. Англис тили сабактары ушул жылдын аягына чейин уланат.