Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары жана студенттери “Ачык бурч” интеллектуалдык оюнуна катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучулары, «ЭКО Муун» ийрими 5-июнь – Эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата КР Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борбору уюштурган “Ачык бурч” интеллектуалдык оюнуна катышты.

Интеллектуалдык оюндун жыйынтыгында Ардак грамота жана Ыраазычылык каттар тапшырылды.