Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери адаптациялык-педагогикалык практика ɵтүп жатат

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери адаптациялык- педагогикалык практика өтүп жатышат. Адаптациялык-педагогикалык практикада студенттер мектептеги окуу-тарбия процесси, мектептен тышкаркы жана класстан тышкаркы тарбиялык иштердин уюштурулушу менен таанышып, жалпы билим берүүчү мекемелерде тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча алгачкы практикалык көндүмдөрүнө ээ болуу иштерин аткарышууда. Азыркы учурда тарбия иштеринин планын түзүп, сабактардын, класстан тышкаркы иштердин көлөмүн жана мазмунун аныктап, окуучуларды психологиялык-педагогикалык жактан үйрөнүү менен тарбиялык сааттарды ɵтүп башташты. 
Практика өтүп жаткан студенттердин сабактарына мектеп мугалимдери, университет тарабынан бекитилген методисттер жана институттун окутуучулары усулдук жардамдарын берүүдө.