Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери Бишкек Мэриясына караштуу Бишкек жашыл чарба муниципиалдык ишканасынына барышты

20-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук окутуучулар курамы жана студенттери Бишкек Мэриясына караштуу Бишкек жашыл чарба муниципиалдык ишканасынын күнөсканаларына барышты. Иш-чараны ага окутуучу Гүлзат Төлөгөнова практикалык сабактарды өтүү үчүн уюштурган. Студенттерди окутуучулар  Д. Солпуева, Т. Кожогелдиев, Нургүл Бактыбек кызы, Г. Сейизова жетектеп барган. Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерин Бишкек жашыл чарба муниципиалдык ишканасынын  кызматкерлери Д. Байбориева, Мария Акматова, А. Таалайбек уулу  тосуп алып, өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле, гүлдөргө кандай кам көрүү керектиги тууралуу айтып, гүлдү отургузганга чейинки этаптары боюнча маалымат берди.