Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери Чычкан капчыгайында окуу-талаа практикасын өттү

18-21-июнь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун 1-3-курсунун студенттери Чычкан капчыгайында окуу-талаа практикасын өттү. Студенттер практика жетекчилери б.и.к. Г.Сазыкулова, б.и.к. Ү.Кармышова жана п.и.к. У.Сапарбаеванын жектекчилиги астында теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, омурткасыздардын коллекциясын, нымдуу препараттардын жана гербардык фондду толуктоо жана жаныбарларга байкоо жүргүзүү боюнча  жекече тапшырмаларын аткарышты. Табигый илимдер жана туризм институту менен “Илбирс” коомдук фондунун ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында фонддун төрагасы Кубанычбеков Зайырбек бир катар иштерге колдоо көрсөтүп келет.