Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери форумга катышты

29-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери “ЭКО муун” ийриминин жетекчиси Н. Ниязова менен биргеликте И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) жана КММАнын студенттик кеңеши тарабынан уюштурулган форумга катышты. Иш-чара АКШнын Мамлекеттик департаментинин FLEX Келечектеги Лидерлер алмашуу программасы жана ЕБ Эразмус+ долбоору “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик жана жашыл университеттер” (GreenKG) алкагында өткөрүлгөн.

Форумдун негизги максаты – студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатуу жана глобалдык, жергиликтүү экологиялык көйгөйлөр боюнча түшүнүгүн өнүктүрүү. Иш-чарада Студенттер менен эксперттер курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чара туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн жаштардын демилгелерин жана долбоорлорун колдоого багытталган.