Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери кесиптик-базалык практикасын өтөшүүдө

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Табигый илимий билим берүү багытынын «биология» профилинин 3-курсунун студенттери кесиптик-базалык практикасын  К.Бобулов атындагы №88 жалпы билим берүүчү мектебинде жана профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өтүп жатышат. Бүгүн Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын мүчөлөрү, доценттер Р.Ногойбаева, К.Абдыкеримова, ага окутуучулар Н.Ниязова жана А.Боогачиева аталган мектептерге барып, сабактарга катышып, студенттерге усулдук кеңештерин берип келишти. Ошондой эле, студенттердин сабактарына катышты.