Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери мектептерде кесиптик практикаларын өтүшүүдө
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери №50 жалпы орто билим берүү мектебинде, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде, Ж. Садыков атындагы №84 жалпы орто мектебинде, К. Бобулов атындагы №88 орто мектебинде жана №74 жалпы орто билим берүү мектебинде кесиптик-профилдик практика өтүшүүдө.
Практиканын алкагында студенттер заманбап көрсөтмө куралдар, приборлор, интерактивдүү такта жана башка жаңы техникалык каражаттарды пайдаланып, ар кандай методдорду пайдаланып, оюндарды уюштуруп, ачык сабактарды өткөрүшүүдө. Сабактарга Педагогика кафедрасынын окутуучулары Н. Койлубаева жана С. Иманкулова жана мектеп мугалимдери катышып, сабактардын мазмунуна жана өткөрүлүшүнө анализ берип, колдоо көрсөтүшүүдө.
Табигый илимдер жана туризм институтунун 3-курсунун студенттери практикаларын ийгиликтүү жыйынтыктоодо. Бул практикалар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана педагогикалык чеберчиликтерин өркүндөтүүгө чоң өбөлгө түзөт.