Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери окуу-талаа практикасын Ысык-Көл облусунда өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын «География жана кошумча биология» адистигинин 1-курсунун студенттери окуу-талаа практикасын Ысык-Көл облусунда өтүштү. Студенттерди практика жетекчилери Э. Султаналиев, Г. Төлөгөнова жана Т. Кожогелдиев жетектеп барышкан. Окуу-талаа практикасынын негизги максаты алган билимдерин практика жүзүндө бекемдөө болуп саналат. Практиканын жүрүшүндө студенттер Чүй облусунун Чон-Кемин өрөөнүнүн аймагы, Ысык-Көл облусунун Тоӊ району, Барскоон шаркыратмасы, Түп району, Жети-Огүз курорту жана Н. М. Пржевальскийдин күмбөзү, ошондой эле, жакынкы аймактарындагы тоо системаларынын геологиялык жана геоморфологиялык абалы тууралуу маалымат алышты. Андан сырткары, Ысык-Көл көлүнүн пайда болушу, жээк сызыктары, деӊгээлинин өзгөрүшү жана анын себептери боюнча кенен маалымат ээ болушту.