Blog Image

Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери "Спорттук ориентирлөө" семинарына катышты

17-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Бишкек шаардык Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан уюштурулган «Спорттук ориентирлөө» боюнча ачык семинарга катышып келишти. Ачык семинарга жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Н.Д. Ниязова жетектеген ЭКОмуун ийрими активдүү катышып, Россиядан атайын келген адис менен практикалык тажрыйба алмашуу жогорку деңгээлде өттү.