Blog Image

“Табигый математикалык багыттагы предметтерди окутууга компетенттүү мамиле” аталышында IV Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына жана профессор Ракым Усубакуновдун жаркын элесине арналган “Табигый математикалык багыттагы предметтерди окутууга компетенттүү мамиле” аталышында IV Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Ал окуу жайдын Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан уюштурулган.  Конференцияны ректор Айгүл Абдраева сөз сүйлөп ачып берди. Андан соң, ф.-м.и.д., профессор. Керимбеков А.К., т.и.д., профессор Тлебаев М.Б., п.и.д., профессор Алиев Ш.А., ф.-м.и.к., доцент Юсупов К.М. тарабынан   «Дифференциалдык теңдемелер курсун окутуунун жаңы ыкмасы», «Кош дипломдук билим берүүдө салттык окутууну санарипке трансформациялоо платформасы», «Ракым Усубакуновдун окумуштуулук – окутуучулук ишмердүүлүгү жана мурасы», «Студенттердин көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн калыптандыруудагы санариптик технологиялык борборунун ролу».