Blog Image

Талас мамлекеттик университетинде И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун филиалы ачылат

12-майда И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров жана Японтаануу институтунун Камкордук кеңешинин төрагасы Ёцухаши Мичинори Талас мамлекеттик университетине иш сапары менен барышты.

Белгилей кетсек, апрель айында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Талас мамлекеттик университетинин ректору Самат Жумалиев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ага ылайык, бүгүн ТалМУнун базасында И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун филиалын түзүү боюнча келишимге КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу менен ТалМУнун ректору Самат Жумалиевдер кол коюшту.

Жолугушууда эки тараптуу билим берүү, кадрларды даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анда ЖОЖдордун ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын өнүктүрүү жагынан академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу маселелери да бар.

Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинде кыргыз-япон билим берүү борборун ачууга кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу бул багытта бөлүнгөн дарскана жана тиешелүү жабдыктар менен таанышып келди.