Тарых илимдеринин доктору Г.Абдалиева Казакстандагы бир нече архивден Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун тарыхына байланыштуу архивдик материалдарды чогултуп келди
И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын профессорунун м.а., тарых илимдеринин доктору Гульзада Абдалиева университет тарабынан каржыланган “Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл (архивдик жана фоно-фото материалдардын негизинде)” аттуу долбоор менен бекитилген иш планына ылайык 6-13-ноябрь күндөрү Алматы шаарындагы президенттик архивден, Талдыкорган жана Жетису облустук архивдеринен архивдик материалдарды чогултуп келди.