Blog Image

Тарых илимдеринин доктору, профессор Каана Айдаркулдун китептеринин бет ачары

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасында

тарых илимдеринин доктору, профессор Каана Айдаркулдун “Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и современность”, “Международные отношения Кыргызстана” аттуу китептеринин бет ачары болду.

Бет ачарга Ж.Баласагын атындагы КУУнун, КРСУнун, Эл аралык Кувейт университетинин, КР ТИМдин Дипломатиялык Академиясынын жана И. Арабаев атындагы КМУнун профессорлору, окутуучулары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери катышты.

Иш-чараны факультеттин деканы т.и.д., профессор Назира Курбанова сөз сүйлөп, ачып берди.

Талкууга төмөндөгү окумуштуулар катышты:

1. Маанаев Э.Ж. – т.и.д., профессор, И. Арабаев атындагы КМУ;

2. Ормушев А.С. – т.и.д., профессор, Эл аралык Кувейт университети;

3. Курманов З.К. – т.и.д., профессор, КР ТИМдин Дипломатиялык Академиясы;

4. Тынчтыкбек Чоротегин – т.и.д., профессор, Ж. Баласагын атындагы КУУ;

5. Самиева Ж.Д. – т.и.к., профессордун м.а., КМУ;

6. Мамыров Ш.М. – ОБСЕнин өкүлү;

7. Плоских С.В. – т.и.д., профессор, КРСУ.

“Международные отношения Кыргызстана” (“Кыргызстандын эл аралык байланыштары”)

Бул китепте Кыргызстандын эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелери каралган.

Эгемен Кыргызстандын эл аралык байланыштарынын башаты жана азыркы доор жөнүндөгү Курмангали Каракеевдин баш сөзү менен башталган бул китепте Кыргызстандын дүйнөлүк экономикага интеграцияланышы, анын илимий-техникалык байланыштары, эл аралык маданий байланыштар, мамлекеттер аралык приоритеттүү багыттар тууралуу бараандуу ойлор камтылган. Бул китептин илимий жана практикалык баалуулугу абдан жогору. Окурмандардын кеңири катмары өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышат. Анткени бул китептеги материалдар адистерге, илимий кызматкерлерге, дипломаттарга, студент, магистранттарга абдан керек жана пайдалуу.

Кыргызстандын геосаясий жайгашуусу, экономикалык потенциалы тар регионалдыктан жогорку денгээлде дүйнөнүн башка мамлекеттери менен тыгыз байланышта, кызматташууну талап кылат. Бүгүнкү дүйнө абдан татаал жана ар түрдүү. Бул көп түрдүүлүктүн шартында ааламдашуу процессине ар бир мамлекет, улут өзүнүн жүзү менен кирет.

Эл аралык байланыштардын жүргүзүлүшү мамлекеттин сырткы аброюн аныктап турат. Сырткы байланыштардын багыттары, векторлору көп түрдүү. Кыргызстан кошуна мамлекеттер, Түрк дүйнөсү, мусулман мамлекеттери, стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен өз алдынча тышкы саясатты жүргүзүп келет.