Blog Image

Тарых илимдеринин доктору Жоошбекова Айнагул Рысбаевнага “Тарых (Этнология)” адистиги боюнча “профессор” наамы ыйгарылды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин “Кыргызстандын тарыхы жана этнология” кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору Жоошбекова Айнагул Рысбаевнага Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын 2023-жылы 26-январда (протокол №1п-2/1) кабыл алган чечими боюнча “Тарых (Этнология)” адистиги боюнча “профессор” наамы ыйгарылды.
Жоошбекова Айнагул Рысбаевна И.Арабаев атындагы КМУда илимий-педагогикалык жана илимий-изилдөөчүлүк багытта активдүү иш аракеттерди жүргүзүп келет. Жалпы жарык көргөн эмгектери: 3 монография, 1 электрондук окуу куралы, 9 окуу-методикалык курал, 75 илимий макала. Анын ичинде 3 макала Web of sсience, 1 макала Scopus системасына кирген басылмаларда жарыяланып, патенттери алынган. 
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Айнагүл Рысбаевнаны “профессор” наамын алгандыгы менен куттуктап, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалайт.