Blog Image

Тарых илимдеринин кандидаты Н. Рысмендеева Астана шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун Педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын доценти Назгүл Рысмендеева Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Көчмөндөр: тарых, билим, сабактар” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференцияда Назгүл Рысмендеева пленардык жыйында “Чүкө феномени: көп функционалдуулук жана полисемантика, колдонуунун салттуу жана заманбап аспектилери” темасында доклад жасады. Анын доклады көчмөндөр маданиятындагы чүкөнүн ар тараптуу маанисине, анын оюндун куралы катары гана эмес, маданий символ катары кеңири колдонулушуна арналды. Докладда чүкө оюн-зооктон тартып билим берүү жана салттык жөрөлгөлөрдө кандайча колдонулуп келгендиги тууралуу кеңири баяндалды.

Конференциянын жыйынтыгында, чүкө маданият жана билим берүү тармагында уникалдуу элемент катары бааланып, анын изилдениши тарыхый жана этнографиялык изилдөөлөрдө жаңы багыттарды ачууга шарт түзө тургандыгы белгиленди.