Blog Image

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева:

Урматтуу мекендештер! Жыл сайын 7-8-ноябрда өлкөбүздө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Бардык убакта адамзат өзүнүн тарыхына чоң маани берип келген. Тарых күнүндө жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө өлкөбүздүн тарыхында негизги ролду ойногон окуяларды эскерип, жарык келечекке умтулабыз. Биз үчүн ата-бабаларыбызга таазим кылуу - тарых алдындагы ыйык милдет. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болсун!