Blog Image

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин ага окутуучусу Жаңыл Абдыраева Алматыда өткөн жаштар форумуна катышты 

11-13-май күндѳрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин ага окутуучусу Жаңыл Абдыраева Алматы шаарында ѳткѳн «Үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүү системасынын жаш мугалими: кесиптик өнүгүү этаптары» аталышындагы жаштар форумуна катышып келди. Ага Педагогикалык университеттердин Евразиялык ассоциациясы жана Москва педагогикалык мамлекеттик университети тарабынан КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү уюмдарынын жаш окумуштуулары катышты. Форумга "Окутууга үйрөнүү - 2023" III Эл аралык конкурсунун жеңүүчүлѳрү чакырылган. Университеттин жаш окумуштуулар кеңешинин тѳрайымы Ж.Абдыраеванын конкурска жиберген материалы комиссия тарабынан мыкты деп тандалып алынган. Ал чоң пленардык отурумда «Кыргызстанда Совет бийлигинин алгачкы жылдарында мугалимдерди даярдоо системасынын өнүгүшү» деген темада илимий макала менен баяндама жасады. 2 күнгѳ созулган форумдун максаты – жаш окумуштуулардын илимий багыттагы байланышын бекемдѳѳ, тажрыйба алмашуу болуп саналат.