Blog Image

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда «Япониядагы социалдык иш жана социалдык камсыздоо» аталышында конок-лекция өттү

3-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери үчүн Япониядан келген ыктыярчы Йоко Окаяма «Япониядагы социалдык иш жана социалдык камсыздоо» аталышында конок-лекция өттү. Конок-лекцияда Япониянын социалдык саясаты, социалдык камсыздоонун заманбап концепциясы жана Япониянын саламаттыкты сактоо системасы тууралуу кенен маалымат берилди. Ошондой эле, студенттер менен пикир алышып, студенттердин Японияда социалдык кызматкердин укуктук статусу жөнүндө берген суроосуна кенен токтолду.