Blog Image

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 2-курсунун студенти Д. Бекишов УТРКнын «Замана» таңкы берүүсүнө катышты

10-ноябрь – Буткул дүйнөлүк илим кунүнө карата И. Арабаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 2-курсунун студенти Данияр Бекишов УТРКнын «Замана» таңкы берүүсүнө чакырылып, Илим күнү менен куттуктап жана өзүнүн ийгиликтери, алдыдагы максаттары менен бөлүштү. 
Андан тышкары, Д.Бекишов “Биринчи радиодо” 15 ЖОЖдун арасында өткөн «Акыл таймаш» жаштар кубогу интеллектуалдык оюну тууралуу кенен маалымат берип, бүгүнкү күнү жаштардын жашоодогу орду жана аларга кандай шарттар түзүлүшү зарыл экендиги тууралуу ой бөлүштү.
Данияр Бекишов КРнын Улуттук тарых музейинде белгилүү фольклорчу Буудайбек Сабыр уулунун 90 жылдык мааракесин утурлай “Буудайбек Сабыр уулу: санжырачы-фольклорист” аттуу илимий-практикалык конференциясына катышып, “Буудайбек Сабыр уулу – көрүнүктүү фольклор жыйноочу” аталышында баяндады.