Blog Image

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Ч. Койчуманова Москва шаарында өткөн жыйынга катышты

17-18-июнь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова Москва шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин тарыхчылар жана архивисттер эл аралык  ассоциациясынын кезектеги жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө “КМШ өлкөлөрүнүн жалпы тарыхы боюнча талаш маселелер: заманбап көз караштар жана ыкмалар” темасы талкууланды. Ошондой эле, биргелешкен изилдөөлөр жана КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары үчүн монографиялар жана окуу куралдарын басып чыгаруу боюнча маселелер каралды.