Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Ч. Койчуманова "ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизация диалогу - 24" иш-чарасына катышты
19-20-июнь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова "ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизация диалогу - 24" иш-чарасына катышып, баяндама жасады.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын июль айында Казакстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин башчыларынын 24-жыйыны өтөт. Иш-чара саммитти өткөрүүгө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.